227 киши Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Аларга ылайык, 227 адам (анын 48и балдар) кыргыз жарандыгын алды. Көпчүлүгү этникалык кыргыздар.   Мамлекет башчынын башка жарлыгы менен 180 киши (30у балдар) жарандыктан чыгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 1-сентябрда… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылды

Бүгүн 1-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылды. Парламент төрагасы Талант Мамытов VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин фракциялары жана комитеттери бүгүнкү күндөн тартып иштей баштаганын жарыялап, депутаттарды активдүү катышууга чакырды.   Кийинки отурум келерки аптада болору жарыяланды.   Парламент июндун аягында жайкы эс алууга тарап, 5-июлда кайра… Кененирээк…

Кыргыз-казак айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталды

31-августта Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда кыргыз-казак эл аралык айтышы жыйынтыкталды. Байге фонду үч миллион сомду түзгөн бул айтышка Казакстандан сегиз акын катышты. Алар: Бөрүбай Орозумбетов, Айбек Калиев, Нурмат Мансуров, Мухтар Ниязов, Нурлан Эсенкулов, Аспанбек Шугатаев, Эржеңис Эбдиев, Алтынбек Ибрагимов. Ал эми кыргыз акындарынан… Кененирээк…

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого үгүт жүргүзүү кампаниясы 29-октябрда башталат

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого үгүт жүргүзүү кампаниясы 29-октябрда башталат. БШКдан билдиришкендей, агитация 27-ноябрда эртең мененки саат 8де токтотулат.   8-октябрга чейин аймактык комиссиялар талапкерлерге агитациялык материалдарды жарыялоого тилкелерди бөлүштүрүп бериши керек. Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Бишкекте Ленская көчөсү оңдоо иштерине жабылат

Бишкекте Ленская көчөсү оңдоо иштерине жабылат. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, анын Фучиктен БЧКга чейинки тилкесинде “Суу системасын жана канализацияны жаңыртуу” долбоорунун алкагында магистралдык коллектор курулат.   Бул азыркы канализацияны жеңилдетип, шаардагы экологиялык абалды жакшыртууга шарт түзөт.   Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга каттамдарын эртелеп түзүп… Кененирээк…

БШКга Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу ниетин билдирип алты саясий партия кайрылды

БШКга Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу ниетин билдирип алты саясий партия кайрылды. Бул тууралуу Боршайкомдун маалымат кызматы билдирди. Шайлоо 28-ноябрга белгиленген.   Арызды берүүнүн акыркы мөөнөтү — 3-сентябрь.   БШК шайлоонун өтө турган датасы белгиленгенден кийин беш календарь күндүн ичинде аталган жараянга катыша турган саясий партиялар… Кененирээк…

Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын жөлөкпулу көтөрүлөт

Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын жөлөкпулу көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Эгемендиктин 30 жылдыгына карата кайрылуусунда билдирди.   Өлкө башчынын айтымында, 4 миң сомдук пособие октябрда 6 миң сомго, ал эми кийинки жылдан тарта 8 миң сомго көтөрүлөт.   Андан тышкары, ата-энесинин экөөнөн тең айрылган… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө” мыйзамына кол койду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө” мыйзамына кол койду.   Маданият тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана көп жылдык талыкпаган эмгеги үчүн Бек Борбиев, Динара Акулова, Расул Маматкулов жана Айчүрөк Иманалиевага Эл артисти наамы ыйгарылды.    

Чүй облусунун Озерное айылында жаңы мектеп пайда болот

Чүй облусунун Озерное айылында жаңы мектеп пайда болот. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, курулуш иштери дээрлик аягына чыгып калды.   Мектеп 375 орунга эсептелген.   Анда окуу корпусунан тышкары, галереясы менен спорт зал, ашкана жана акты залдары каралган. Долбоорду ишке ашыруунун сметалык баасы… Кененирээк…

Анкара шаарынын Кечиөрен аймагында Манастын айкели ачылды

Анкара шаарынын Кечиөрен аймагында Манастын айкели ачылды.   Ачылышка Кечиөрендин мэри Тургут Алтынок, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, кыргызстандыктар катышты.   Айкелди тургузууга кеткен каражат жеке демөөрчүлөр жана Кечиөрен мэриясы тарабынан бөлүнгөн. Эске салсак, буга чейин Анкарадагы сейил бактардын биринде… Кененирээк…