Парламенттик шайлоолорго катышууну каалаган партиялар БШКга 4-сентябрга чейин маалымдама бериши керек

Парламенттик шайлоолорго катышууну каалаган партиялар БШКга 4-сентябрга чейин маалымдама бериши керек. Борбордук шайлоо комиссиянын маалыматына ылайык, саясий уюм ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалыматын менен кат жөнөтүшү керек.   Депутататтыкка талапкерлерди жылдыруу 14-октябрга чейин, ал эми каттоого документтерди тапшыруу – 18-октябрга чейин жүрөт.   Талапкерлердин тизмесин каттоо… Кененирээк…

Бишкек мэриясы мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын текшерип жатат

Бишкек мэриясы мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын текшерип жатат.   Вице-мэр Русланбек Акылбеков жана Свердлов районунун акими Бахтияр Карымшаков 38-мектепте аткарылган оңдоо иштери менен таанышты.   Билим берүү мекемесинин айланасы, кире бериши жана тротуарлардын оңдолгону текшерилди.   Мэриядан белгилешкендей, бүгүнкү күнгө карата ордо калаанын бардык… Кененирээк…

Бүгүн кыймылсыз мүлккө жана жер салыгын төлөөнүн мөөнөтү аягына чыгат

Бүгүн кыймылсыз мүлккө жана жер салыгын төлөөнүн мөөнөтү аягына чыгат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет. Кечээ транспорт салыгын кабыл алуу жыйынтыкталды.   Салыктар банк кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, терминал, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу кабыл алынат.

“Барселона” Лионель Мессиге таандык болгон 10-номерди 18 жаштагы футболчу Ансу Фатиге ыйгарды

“Барселона” Лионель Мессиге таандык болгон 10-номерди 18 жаштагы футболчу Ансу Фатиге ыйгарды. Белгилеп кетсек, бул номерге Месси 2008-жылдан бери ээлик кылып келген.   Буга чейин Диего Марадона, ошондой эле легендарлуу бразилиялык футболчулар: Роналдиньо, Ривалдо жана Ромарио «Барселона» клубунда 10-номерде ойношкон.

Футбол сүйүүчүлөр үчүн бүгүн майрам. Кыргызстандын футбол курамасы Палестина менен беттешет

Футбол сүйүүчүлөр үчүн бүгүн майрам. Кыргызстандын футбол курамасы Палестина менен беттешет.   Достук оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 8 жарымда старт алат. Муну менен Бишкекте 3 улуттун Кубогу башталат.   Андан кийин биздин курама Бангладештин футболчуларына кез келет. Беттештер 2-сентябрдан 7-сентябрга чейин өтөт.