Парламенттик шайлоолорго катышууну каалаган партиялар БШКга 4-сентябрга чейин маалымдама бериши керек. Борбордук шайлоо комиссиянын маалыматына ылайык, саясий уюм ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалыматын менен кат жөнөтүшү керек.
Депутататтыкка талапкерлерди жылдыруу 14-октябрга чейин, ал эми каттоого документтерди тапшыруу – 18-октябрга чейин жүрөт.
Талапкерлердин тизмесин каттоо 29-октябрга белгиленди. Эске салсак, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 28-ноябрда өтөт.