Бишкек мэриясы мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын текшерип жатат

Бишкек мэриясы мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын текшерип жатат.

 

Вице-мэр Русланбек Акылбеков жана Свердлов районунун акими Бахтияр Карымшаков 38-мектепте аткарылган оңдоо иштери менен таанышты.

 

Билим берүү мекемесинин айланасы, кире бериши жана тротуарлардын оңдолгону текшерилди.

 

Мэриядан белгилешкендей, бүгүнкү күнгө карата ордо калаанын бардык мектептери окуучуларды кабыл алууга даяр. Свердлов районундагы билим берүү мекемелеринде капиталдык ремонт аягына чыгып калды.