Ысык-Көл облусунун Тоң районунда сел жүрдү
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ Кажы-Сай айылында нөшөрлөгөн жаан жаап, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол трассасын суу каптады. Кечке чейин тазалоо иштери аткарылып, учурда жол кыймылга ачылды.