Бишкектеги Логвиненко көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Логвиненко көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. «Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришкендей, 6-октябрь, шаршембиде эртең мененки саат 8ден түнкү 10го чейин тилкенин Линейный бөлүгү тосулат. Аталган убакыт аралыгында тиешелүү жерге асфальт тошөлүп, темир жол өтмөгүндөгү плиталар алынат. Андан улам, айдоочуларга ыңгайсыздык жаралбашы үчүн каттамдарды эртелеп түзүп… Кененирээк…

Ордо калаадагы “Бакай-Ата” конушу борбордук канализацияга кошулат

Ордо калаадагы “Бакай-Ата” конушу борбордук канализацияга кошулат. Мэриянын маалыматына ылайык,  курулуш иштери башталды. Борбордук канализация тутуму конуштун борбордук көчөсүнөн өтөт, келечекте үйлөрдү дагы ага туташтыруу пландалууда. Тармактардын жалпы узундугу 4  чакырымдан ашат жана иштер план боюнча 2022-жылдын аягына бүтөт. Долбоор шаардык бюджеттин эсебинен каржыланат.