Ордо калаадагы “Бакай-Ата” конушу борбордук канализацияга кошулат.
Мэриянын маалыматына ылайык, курулуш иштери башталды.
Борбордук канализация тутуму конуштун борбордук көчөсүнөн өтөт,
келечекте үйлөрдү дагы ага туташтыруу пландалууда. Тармактардын
жалпы узундугу 4 чакырымдан ашат жана иштер план боюнча 2022-жылдын
аягына бүтөт. Долбоор шаардык бюджеттин эсебинен каржыланат.