Ысык-Көл облусунда ички иштер бөлүмдөрүнүн базасында «бирдиктүү терезе» принциби иштеп баштады

Ысык-Көл облусунда ички иштер бөлүмдөрүнүн базасында «бирдиктүү терезе» принциби иштеп баштады. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, кеп, Каракол, Балыкчы шаарлары, Тоң, Ысык-Көл, Жети-Өгүз региондору тууралуу болуп жатат. Аталган аймактын жашоочулары бөлүмдөрдөн соттолгону бар же жогу тууралуу маалым каттарды, унаа менен жүктөрү ташуу үчүн уруксат кагаздарды,… Кененирээк…

Биринчи категориядагы объекттердин электр энергиясы өчүрүлбөйт

Биринчи категориядагы объекттердин электр энергиясы өчүрүлбөйт. Кеп, медициналык мекемелердин жандандыруу, хирургия бөлүмдөрү сыяктуу мекемелер тууралуу болуп жатат. Алардын электр энергиясы менен туруктуу камсыздалышы өзгөчө көзөмөлгө алынды. Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, медициналык мекемелердин трансформаторуна чейин электр энергиясын жеткирүү ведомствонун милдети. Ал… Кененирээк…

Улуттук банк сомдун курсун турукту кармоо максатында бир жумада 40 миллион 700 миң доллар коротту

Улуттук банк сомдун курсун турукту кармоо максатында бир жумада 40 миллион 700 миң доллар коротту. Акыркы 5 жарым айдан бери өлкөнүн башкы каржы мекемеси алгачкы ирет дүйнөлүк рынокко чыгып 33 миллион доллар сатты. Андан кийин 1-октябрда дагы интервенция жүргүзүлүп, 7 миллион 600 миң доллар багытталды.… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова бүгүн дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешине чыгат

Айсулуу Тыныбекова бүгүн дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешине чыгат. Кыргызстандык балбан кыз килемде япониялык балбан менен кез келет. Аталган турнирде Кыргызстандын курама командасынан үч балбан кыз күчүн сынайт, алар Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова. Алар 5-6-октябрда күрөшөт. Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты Норвегиянын Осло… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Таштак айылында жаңы бала бакча ачылды

Жалал-Абад облусунун Таштак айылында жаңы бала бакча ачылды. Жергиликтүү аминистрациядан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси 50 бөбөккө чакталат. Имаратта  ойноочу, уктоочу бөлмөлөр, чечинүүчү жай, медициналык түйүн, ашкана жана кир жуучу жай бар жана анын аймагында оюн аянтчалары, эс алуу чатырчалары каралды. Объект бардык зарыл эмерек,… Кененирээк…

Кыргызстанда маянасы жогорку жана төмөнкү тармактар аталды

Кыргызстанда маянасы жогорку жана төмөнкү тармактар аталды. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, сап башында каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагында иштегендер, маалымат жана байланыш кызматкерлери турат, алар орточо эсеп менен 35 миң сомдон жогору алат. Андан кийин пайдалуу кен казуу тармагында эмгектенгендердин маянасы 32 миң сом деп… Кененирээк…

Кыргызстандык балбан Алибек Осмонов дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

Кыргызстандык балбан Алибек Осмонов дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бириккен күрөш дүйнөсүнүн маалымына ылайык, 65 килограмм категориясында ат салышкан кыргызстандык чейрек финалда украиналык Василий Шуптарды 5:3 эсебинде утуп алды. Эми финалга чыгуу үчүн ирандык атлет менен күрөшөт. Осмонов жарым чейрек финалда бразилиялык балбанды 12:2 эсебинде,… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймагында жарык жок болот

Бишкектин айрым аймагында жарык жок болот. “Түндүк электрден” билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Литов, Армия, Верх, Төкөлдөш, Достоевский, Курманалиев, Ибраимов, Боталиев, Фере, Орозбеков көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Көлмө, Ак-Босого, Кара-Кужур, Төмөнкү Орок, Арча-Бешик, Рухий-Мурас жана Көк-Жар конуштарынын бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт. Убактылуу чектөөлөр оңдоо… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Жеңижок айылында 225 орундуу жаңы мектеп пайда болот

Жалал-Абад облусунун Жеңижок айылында 225 орундуу жаңы мектеп пайда болот. Архитектура жана курулуш агенттигинен билдиришкендей, учурда жумуштар планга ылайык жүрүп жатат жана объекттин даярдыгы 90 пайызды түзөт. Тышкы жасалгалоо иштери аткарылып, класстарга жабдуулар жана эмеректер орнотулууда. Имаратта окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук, акты залдары, ошондой… Кененирээк…

Кыргызстан боюнча “Кара-Кеченин” көмүрү сатыкка кое берилди

Кыргызстан боюнча “Кара-Кеченин” көмүрү сатыкка кое берилди. Кыргыз көмүр” ишканасынан билдиришкендей, учурда кара отун калкка жана бюджеттик мекемелерге үзгүлтүксүз жеткирилүүдө. Отундун кое берилген баасы 1 миң 330 сомду түзөт жана республика боюнча 700гө жакын көмүр кампасы иштеп жатат. Белгилеп кетсек, быйыл сентябрь жылуу болгонуна байланыштуу… Кененирээк…