Япония 100-өкмөт башчысын шайлады

Япония 100-өкмөт башчысын шайлады.

Өкмөттүн жаңы башчысы Либералдык-демократиялык башкаруучулар партиясынын лидери,

64 жаштагы Фумио Кисида. Буга чейин ал ТИМди жетектеп келген.

Кисида 458 добуштун 311ин алды. Оппозициялык башкы күчтөрдүн, Конституциялык-демократиялык партиянын жетекчиси Юкио Эданого 124 депутат добушун берди. Японияны реформалоо партиясынын башчысы Тораносукэ Катаямуга — 11, Элдик-демократиялык партиясынын лидери Юитиро Тамаки — 11 добуш алган. Кисиданын атаандашы, либералдык-демократиялык партиядан сунушталган Санаэ Такаити айымга бир добуш берилген.

«Ошентип депутат Фумио Кисида Япониянын премьер-министри болду», — деди төмөнкү палатанын башчысы Таданори Осима түз эфирде.

Япониянын премьер-министри сунушталган талапкерлерден тандалат. Ар бир партия өзүнүкүн сунуштайт, адатта лидерлер добушка коюлат. Башкаруучулардын партиясында депутаттык портфелдердин жарымынан көбү болгондуктан, Кисиданын өтөрү божомолдонгон.

Парламенттин жогорку палатасында да добуш берүү жарым саатка кеч башталды. Ал жакта да бийликтеги Либералдык-демократиялык партиясынан өкүлдөр көп болгон. Жогорку палатадагы башка талапкер жеңип кеткенде деле төмөнкү палатаныкы артыкчылык кылып, алардын добушу чечүүчү мааниге ээ болуп кетет.

Кечке чейин министрлер кабинетинин жаңы курамы бүгүн кечке чейин жарыяланат. Кисида шайланып алгандан кийин ыйгарым укуктары аяктап бара жаткандыгына байланыштуу парламенттин төмөнкү палатасын тарата тургандыгын айтты. Шайлоо 31-октябрда болору кабарланды.