Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатында финалга чыкты

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатында финалга чыкты.

Жарым финалдык кармашта ал украиналык спортчуну 5:2 эсебинде утуп алды.

Биздин балбан буга чейин беларустук жана япониялык атлеттерди артта калтырган.

Эми Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын алтын байгеси үчүн америкалык балбан менен

кармашат. Финалдык беттеш, бүгүн өтөт. Турнир Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат.