«Манас» эл аралык аэропортунун аэровокзалынын борбордук кире бериши оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылды

«Манас» эл аралык аэропортунун аэровокзалынын борбордук кире бериши оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылды. Аба майдандын маалымат кызматынан билдиришкендей, биринчи кабатта кирүү терминалдын батыш бөлүгүндө, ал эми чыгуу чыгыш тарабында уюштурулду. Ошондой эле чыгуу эстакад тараптан, кирүү эл аралык рейстердин жүргүнчүлөрү үчүн иштеп жатат

Кыргызстанда жылдык маяна 9,2 пайызга көбөйдү

Кыргызстанда жылдык маяна 9,2 пайызга көбөйдү. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, көрсөткүч быйыл январь-август аралыгында былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу түзүлдү. 8 айда өлкөдө орточо эмгек акы 19 миң 586 сомго теңелди. Айлыктын олуттуу өсүшү транспорт жана товарларды сактоо тармагына тиешелүү – 31,7 пайыз. Андан кийин… Кененирээк…

Коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам эртеңден тартып күчүнө кирет

Коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам эртеңден тартып күчүнө кирет. Белгилеп кетсек, буга чейин 28-сентябрда президент Садыр Жапаров мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, коомдук жайларда чылым, электрондук тамеки, кальян, жана аралашмаларды чегүүгө толук тыюу салынат. Документ жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө… Кененирээк…

Кыргызстанга 20-октябрдан кийин Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы келет

Кыргызстанга 20-октябрдан кийин Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы келет. Бул тууралуу республикалык имуннопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, вакцина өлкөгө келгенден кийин аны менен жарандар 2 дозада 3 жума аралык менен эмделе баштайт. Препаратты сактоо үчүн 4 атайын муздаткыч жеткирилди. Учурда Кыргызстанда «Синофарм»,… Кененирээк…

Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын 12 миллион 600 миң доллар карызы кечет

Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын 12 миллион 600 миң доллар карызы кечет.   Экономика жана каржы министрлигинен билдиришкендей, фонддун аткаруу кеңеши оор кырдаалда жеңилдик берүү программасынын алкагында кирешеси төмөн 24 өлкөнүн карызын кечүү чечимин кабыл алды.   Алардын арасында Кыргызстан дагы бар. Жыйынтыгында фонд Кыргызстандын… Кененирээк…

Кыргыз киносунун 80 жылдыгына карата көргөзмө уюштурулууда

Кыргыз киносунун 80 жылдыгынын урматына Бишкекте сүрөтчүлөрдүн жана айкелчилердин эмгектери коюлган көргөзмө уюштурулууда. Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде өтө турган “Бейне” аттуу көргөзмөнүн ачылышы 14-октябрга пландалууда.   “Быйыл кыргыз киносу 80 жылдык мааракесин белгилөөдө. Бул жылдар аралыгында кинематографисттердин бир нече мууну өсүп чыкты.… Кененирээк…

Парламенттик шайлоого 1 миң добуш берүүчү келсе дагы, ал өттү деп табылат

Парламенттик шайлоого 1 миң добуш берүүчү келсе дагы, ал өттү деп табылат. БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров түшүндүргөндөй, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо жарандардын катышуусу боюнча пайыздык чек коюлбайт. Мындай талап бир гана референдумдарга тиешелүү, — деди Шайназаров.   Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленди.… Кененирээк…

Шайлоого даярдыкты шайлоо комиссияларынын 3 миң 118 мүчөсү ишке ашырат

Парламенттик шайлоого көмөктөшүү боюнча республикалык штаб Бишкекте штабдын көчмө жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.   Бишкек шаарында 428 599 шайлоочу катталган. 4 округдук шайлоо комиссиясында 228 шайлоо участогу ачылды. Даярдыкты шайлоо комиссияларынын 3118 мүчөсү ишке ашырат.   Республикалык штабдын… Кененирээк…

WhatsApp үн билдирүүлөрдү жөнөткөндөр үчүн ыңгайлуу опцияны киргизип жатат

WhatsApp үн билдирүүлөрдү жөнөткөндөр үчүн ыңгайлуу опцияны киргизип жатат.   Эми колдонуучулар үн жаздыруу маалында токтотуп, кайра уланта алат. Бул функция кайталанма жана көп жиберилген билдирүүлөрдү азайтып, ойду бир эле жолу жаздыруу менен жөнөтүүгө мүмкүндүк берет. Учурда жаздыруу кнопкасын бир жолу басып коё бергенде эле… Кененирээк…

БШК жарандарды добуш берүүчүлөр тизмесинен өздөрүн тактап алууга чакырат

БШК жарандарды добуш берүүчүлөр тизмесинен өздөрүн тактап алууга чакырат.   Бизге комиссия төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдиргендей, бул үчүн tizme.gov.kg мамлекеттик порталы жеткиликтүү.   Андан тышкары, жарандар шайлоо боюнча бардык маалыматты тактоо үчүн калкты тейлөө борборлоруна кайрылса болот. Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо    … Кененирээк…