Кыргызстанга 20-октябрдан кийин Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы келет.
Бул тууралуу республикалык имуннопрофилактика борборунун директору
Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, вакцина өлкөгө келгенден
кийин аны менен жарандар 2 дозада 3 жума аралык менен эмделе баштайт.
Препаратты сактоо үчүн 4 атайын муздаткыч жеткирилди. Учурда
Кыргызстанда «Синофарм», QazVac жана AstraZeneca вакциналары жеткиликтүү.