Кыргыз киносунун 80 жылдыгына карата көргөзмө уюштурулууда

Кыргыз киносунун 80 жылдыгынын урматына Бишкекте сүрөтчүлөрдүн жана айкелчилердин эмгектери коюлган көргөзмө уюштурулууда. Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде өтө турган “Бейне” аттуу көргөзмөнүн ачылышы 14-октябрга пландалууда.

 

“Быйыл кыргыз киносу 80 жылдык мааракесин белгилөөдө. Бул жылдар аралыгында кинематографисттердин бир нече мууну өсүп чыкты. Айтылуу “Кыргыз кереметинин” сапарын “Кыргыз феномени” улантууда. Көргөзмөгө кыргызстандык 60 сүрөтчүнүн түрдүү техникада аткарылган эмгектери коюлат. Экспозициядан Кыргызстандын улуу муундагы атактуу эл сүрөтчүлөрү менен катар жаш болсо да өзүн талантуу чебер катары көрсөтө алгандардын да эмгектерин көрүүгө коюлат” деп айтылды музейдин маалыматында.

 

Маалым болгондой, эмгектердин 90 проценттен ашууну эл алдына алгачкы жолу чыгарылып жатат жана атайын ушул көргөзмө үчүн даярдалган.

 

1941-жылы 17-ноябрда Фрунзеде (азыркы Бишкек) “Кыргызфильм” киностудиясынын пайдубалын түптөгөн хроникалык-даректүү тасмалар студиясы ачылып, алгачкы жолу “Советская Киргизия” деген кинохроника тартылган. 1960-1970-жылдары тартылган тасмалар “Кыргыз керемети” деген атка татыган. Эгемендиктин алгачкы жылдары кыргыз киносу каражатка байланыштуу мурдагыдай тартылбай калган. Бирок 2000-жылдардын ортосунан тарта «Кыргыз керемети» жанданып, ар кандай жанрдагы фильмдер чыга баштады. Айрымдары эл аралык сыйлыктарды жеңип да жүрөт.