Парламенттик шайлоого 1 миң добуш берүүчү келсе дагы, ал өттү деп табылат

Парламенттик шайлоого 1 миң добуш берүүчү келсе дагы, ал өттү деп табылат. БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров түшүндүргөндөй, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо жарандардын катышуусу боюнча пайыздык чек коюлбайт. Мындай талап бир гана референдумдарга тиешелүү, — деди Шайназаров.

 

Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Биринчи жолу добуш берүү процесси аралаш система менен өтөт.