Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын 12 миллион 600 миң доллар карызы кечет

Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын 12 миллион 600 миң доллар карызы кечет.

 

Экономика жана каржы министрлигинен билдиришкендей, фонддун аткаруу кеңеши оор кырдаалда жеңилдик берүү программасынын алкагында кирешеси төмөн 24 өлкөнүн карызын кечүү чечимин кабыл алды.

 

Алардын арасында Кыргызстан дагы бар. Жыйынтыгында фонд Кыргызстандын 2022-жылдын 10-январына чейин төлөнүшү керек болгон 12,6 миллион долларын чийет. Министрликтен белгилешкендей, үнөмдөлгөн каражат COVID-19дун кесепетин жеңилдетүүгө багытталат.