Коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам эртеңден тартып күчүнө кирет

Коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам эртеңден тартып күчүнө кирет.

Белгилеп кетсек, буга чейин 28-сентябрда президент Садыр Жапаров мыйзамга кол койгон.

Ага ылайык, коомдук жайларда чылым, электрондук тамеки, кальян, жана аралашмаларды

чегүүгө толук тыюу салынат. Документ жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин

күчүнө кирет. Эске салсак, буга чейин кафе, ресторандарда чегүүчүлөр үчүн атайын

бөлмөлөр бар болсо, мындан ары аларга уруксат берилбейт.