Кыргызстанды өнүктүрүүнүн 5 жылдык программасы бекитилди
Президент Садыр Жапаров «2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Жаңы Конституция кабыл алынгандыгына жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал өзгөргөндүгүнө байланыштуу улуттук программа бекитилгени белгиленди. Министрлер кабинетине төмөнкүдөй милдеттер коюлду: 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу… Кененирээк…