Баткен облусунда жер титиреди

Баткен облусунда жер титиреди.

Бул тууралуу КР Сейсмология институтунун маалыматына таянып,

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-октябрда саат 11:23тө Баткен облусунун

аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Кадамжай районунун Кожо, Үч-Коргон айылдарында жана

Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.