Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына онлайн катышат

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда,  Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына онлайн катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.   Билдирмеге караганда, жыйын Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтөт. «Анда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары бир катар документтерди, анын ичинде глобалдык климат маселеси боюнча билдирүүнү кабыл алуусу болжолдонууда»,… Кененирээк…

Ноябрдагы майрамдарга карата кыргызстандыктар канча күн эс ала турганы азырынча белгисиз

Ноябрдагы майрамдарга карата кыргызстандыктар канча күн эс ала турганы азырынча белгисиз. Календарга ылайык, 4 күн катары менен дем алыш жарыяланат  -6-ноябрдан 9-ноябрга чейин.   Эске салсак, быйыл Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү 7-8-ноябрь жекшемби жана дүйшөмбүгө туура келет. Демек, 9-ноябрь, шейшемби дагы эс алуу күнү… Кененирээк…

Парламенттик шайлоого катышкан талапкерлер күрөө акысын 18-октябрга чейин тапшырышы керек

Парламенттик шайлоого катышкан талапкерлер күрөө акысын 18-октябрга чейин тапшырышы керек. Күрөө акысы боюнча кененирээк маалымат менен БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров бөлүшөт.   “Шайлоодо катышкан шайлоочулардын санынан 1 пайыз алган учурда бир миллион кайтарылат, бул партияларга таандык. Ал эми бир мандаттуу кругдар боюнча кайра… Кененирээк…

Криштиану Роналду хет-трик боюнча рекорд койду

Криштиану Роналду хет-трик боюнча рекорд койду. Дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Португалия Люксембург курамасы менен ойноду.   Беттеш Роналдунун командасынын пайдасына 5:0 эсебинде аяктады. Форвард хет-трик жасаса, калган эки голду Бруну Фернандеш жана Жоау Палинья киргизди.   Муну менен Роналду улуттук курама үчүн 10-хет-трик жасап,… Кененирээк…

Легендарлуу “Үйдө жалгыз” тасмасынын жаңы версиясы тартылды

Легендарлуу “Үйдө жалгыз” тасмасынын жаңы версиясы тартылды. Ал Disney+ сервисинде көрсөтүлөт. Маалыматка ылайык, жаңы жылдын башкы тасмасы болуп калган “Үйдө жалгыздын” жаңы версиясынын мазмуну эч өзгөрүүсүз.   Макс аттуу 10 жаштагы баланы жакындары унутуп кетет, ал болсо үйүн уурулардан коргоого аргасыз. Кино 12-ноябрда тартууланат.  … Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Исанов, Ташкент, Шабдан баатыр, Элебесов, Буденный, Фрунзе көчөлөрүндө, 3-кичи райондо, Ала-Тоо, Арча-Бешик, Ак-Ордо, Ак-Босого, Бакай-Ата конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бишкекте Логвиненко көчөсүндө түндө кыймылга чектөө киргизилет

Бишкекте Логвиненко көчөсүндө түндө кыймылга чектөө киргизилет. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, 15-октябрга караган түнү Логвиненко көчөсүнүн Бөкөнбаев-Лев Толстой тилкеси тосулат.   Анда кечки саат 10дон таңкы 8ге чейин темир жолдо оңдоо иштери жүргүзүлөт. Айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.

Бишкекте карантинге жабылган мектеп 18-октябрда ачылат

Бишкек шаарында карантинге жабылган №67 мектеп 18-октябрда ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.   «18 -октябрга чейин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык буйругуна ылайык, №67 мектеп карантинге жабылган. Мектеп окуучулары онлайн билим алууда. Жалпы имарат жана класстар дезинфекцияланды», — деп билдиришти мэриядан.   Аталган… Кененирээк…

ЖКга депутат болом деген ниетин 387 киши билдирди

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттыгына өз талапкерлигин 387 жарандын көрсөткөндүгү боюнча маалымат келип түштү. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.   Комиссия “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка… Кененирээк…

Сузакта тамакка уулангандардын саны 100дөн ашты

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тамак-ашка ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 106га жетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» 13-октябрда райондук жалпы дарыгерлер тажрыйба борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Асадилла Мурсалиев билдирди. Ооруканага кайрылгандардын көбүнүн ичи өтүп, кусуп, дене табы көтөрүлгөн. Анын айтымында, Бек-Абаддагы ооруканага бейтаптар 11-октябрдын түнүнөн тартып кайрыла… Кененирээк…