Жалал-Абад облусунун Аксы районунда дагы бир бала бакча ачылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда дагы бир бала бакча ачылды.

Ак-Жол айылында курулган мектепке чейин ки даярдоо мекемеси 50 бөбөккө ылайык.

Имарат бир кабаттуу жана бардык керектүү эмерек, техника жана жабдуулар менен

камсыздалды. Курулуштун жалпы аянты 2,5 миң чарчы метрди түзөт. Объекттин наркы

дээрлик 16 миллион сом. Сумманын 13 миллиону чет элдик донор тарабынан

грант катары берилсе, 2,5 миллион сомду айыл өкмөт бөлүп берди.