Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны 23кө кыскарды

Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны 23кө кыскарды.

Буга чейин алар 75ке жеткен. Шайлоо мыйзамдары боюнча, саясий уюмдар 13-октябрга

чейин курултай өткөрүшү керек болчу. Бирок 30 партия  курултай өткөргөнү тууралуу

маалымат берген эмес, алтоо шайлоо фондун түзгөн жок. Ошондой эле экөө БШК

тарабынан чететтилсе, 20сы катышуудан баш тартты. Белгилеп кетсек,

парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.