Кыргызстанда жашоо минимуму 6 миң 383 сомду түздү.
Маалыматты улуттук статистика комитетинен беришти.
Ага ылайык, 2021-жылдын 3-кварталында былтыркы жылдын
тиешелүү мезгилине салыштырмалуу сумма 22,2 пайызга өстү.
Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине
жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын
камтыган көрсөткүч. Ал былтыр ушул эле мезгилде 5 миң 225 сом болчу.