Кыргызстан менен Тажикстан дагы 8,5 чакырым чек арасын макулдашты

Кыргызстан менен Тажикстан дагы 8,5 чакырым чек арасын макулдашты.

Бул тууралуу Жогорку Кеңеште УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, чек ара боюнча өкмөттүк комиссиянын топографиялык топтору

иш алып барууну улантууда. Акыркы жолугушуу Исфанада өттү. Акыркы айларда

жалпысынан 90 чакырымга жакын чек ара тилкеси чийилди, — деп белгиледи Ташиев.

Белгилеп кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын

жалпы узундугу — 970 чакырым. Анын 519 чакырымы, көбүнчө тоолуу

аймактары бир нече жыл мурда чийилип бүткөн.