Сузакта тамакка уулангандар 138ге жетти

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тамак-ашка ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 138ге жетти.

Бул тууралуу 14-октябрда Сузак аймактык ооруканасынын жетекчиси Азизбек Жолдошев «Азаттык» радиосуна билдирди. Анын айтымында, Бек-Абаддагы ооруканага бейтаптар 11-октябрдын түнүнөн тартып кайрыла баштаган. Учурда ооруканада 22 бейтап дарыланууда. Алардын төртөө бала, арасында эки кош бойлуу аял да бар.

Бейтаптар жылкынын этинен ууланышы мүмкүн экенин айтышууда. Маалым болгондой, 10-октябрда Бек-Абад айылында той өткөн. Анда жылкы союлган. Уулануунун себеби лабораториялык жол менен аныктала элек.

Быйыл март айынын башында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда адам өмүрүн алган уулануу фактысы боюнча ачылган кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөн. Жүргүзүлгөн соттук-химиялык, биологиялык жана медициналык экспертизалардын жыйынтыгында каза болгондор метил спиртинен (метанол) ууланганы аныкталган.