Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт
Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, жарык эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин Токомбаев, Жукеев-Пудовкин, Рыскулов, Кулиев, Матросов, Скрябин көчөлөрүндө, Ак-Босого, Рухий-Мурас, Арча-Бешик, Ак-Босого конуштарында жок болот. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.