Бишкекте айланма жолдогу жана Сокулук районундагы көмүр саткан жайларда рейд жүргүзүлүүдө

Бишкекте айланма жолдогу жана Сокулук районундагы көмүр саткан жайларда рейд жүргүзүлүүдө.

 

Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, рейддин алкагында сатуучулар арасында кара отундун наркын негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 

Эске салсак, Кыргызстан аймагында көмүрдүн баасын мамлекет убактылуу жөнгө салат.

 

Чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган.