Азиялык өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 25 миллион доллар бөлүп берет

Азиялык өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 25 миллион доллар бөлүп берет.   Каражат коронавирустан 1 миллион 700 миң доза вакцина сатып алууга жана ийнелерди коопсуз жок кылуу үчүн атайын контейнерлерди сатып алууга багытталат.   Пландалгандай, кошумча 760 миң адам эмдөөдөн өтө алат. Кошумчалап кетсек, буга чейин Азиялык… Кененирээк…

Футбол жылдызы Криштиану Роналду жакында 6 баланын атасы болот

Футбол жылдызы Криштиану Роналду жакында 6 баланын атасы болот. Ал сүйүктүүсү Жоржина Родригес эгиз наристелерди күтүп жатканын жарыялады. Белгилеп кетсек, Криштиану Роналдунун учурда 4 баласы бар.   Жоржина экөөнүн кызы Алана Мартина жана карын энеден төрөлгөн Криштиану, Ева жана Матео.

Ысык-Көл районунда жолдордо авариялык абалдарды жараткан малдын ээлерине карата чара күчөтүлөт

Ысык-Көл районунда жолдордо авариялык абалдарды жараткан малдын ээлерине карата чара күчөтүлөт. Малды жайлоодон түшүрүү мезгили башталгандан бери аймакта буга байланыштуу 36 жол кырсыгы катталды.   Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Эми райондун жетекчилигинин чечими менен жол боюнда кароосуз жайылып жүргөн мал камалып,… Кененирээк…

Боом капчыгайында унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет

Боом капчыгайында унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, 1-ноябрдан 5-ноябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт трассасынын 132-чакырымында таштарды атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлөт.   Андан улам, эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин жолдо бир тараптуу кыймыл уюштурулат. Жеринде 30-40тан ашык унаа топтолсо, таштарды… Кененирээк…

Улуттук банк сомдун наркын колдоо максатында интервенция өткөрдү

Улуттук банк сомдун наркын колдоо максатында интервенция өткөрдү.   Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, кечээ 50 миллион доллар сатылды. Бул октябрь айындагы экинчи каржы операциясы болду.   Valuta.kg порталынын маалыматына ылайык, акыркы эки күндө доллардын курсу сатыкта өзгөрүүсүз калды. Ал эми сатып алуу бейшембиге салыштырмалуу… Кененирээк…

Facebook аталышын Meta деп өзгөртөт

Facebook аталышын Meta деп өзгөртөт. Бул тууралуу компаниянын негиздөөчүсү Марк Цукерберг жарыялады. Муну менен компания бир гана Фейсбук менен чектелбестен, WhatsApp, Instagram, Oculus жана башка тармактардын ээси экенин көрсөтүү ниетинде.   Facebook июлда “мета ааламды” жаратуу үчүн команда чогултуп атканын жарыялаган.   Эске салсак, ири… Кененирээк…

Кыргызстанда “Электрондук мектеп” системасын киргизүүгө компьютердик техника сатылып алынат

Кыргызстанда “Электрондук мектеп” системасын киргизүүгө компьютердик техника сатылып алынат. Мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылгандай, Билим берүү министрлиги бул максатта 92,5 миллион сом багыттайт. Каражатка  125 мектепке эсептелген 1 миң 645 даана компьютер сатылып алынат.   Белгилеп кетсек, жалпысынан өлкө аймагында 2 миң 296 мектеп бар.

Өлкөдө акыркы бир жыл ичинде эттин баасы 22 пайызга кымбаттады

Өлкөдө акыркы бир жыл ичинде эттин баасы 22 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт. Учурда уй этинин орточо баасы республика аймагында 478 сомду түзөт, бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 78 сомго көп.   Ал эми кой этинин бир килограммынын орточо… Кененирээк…

Биздин өлкө бийлиги Россияга пандемиядан улам үзгүлтүккө учураган темир жол жүргүнчү ташуу каттамын жандантуу маселесин көтөрдү

Биздин өлкө бийлиги Россияга пандемиядан улам үзгүлтүккө учураган темир жол жүргүнчү ташуу каттамын жандантуу маселесин көтөрдү.   Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, алсак, Бишкектен жумасына эки жолу поездди Москвага, бир жолу Казаньга, сегиз күндө бир Новосибирскке жөнөтүп туруу сунушталды. Кыргызстандан поезддер Казакстан аркылуу жүргөндүктөн, Нур-Султан… Кененирээк…

Кыргызстанда эми маданият, эс алуу жана спорт тармагындагы кызматкерлер милдеттүү түрдө коронавирустан эмделиши керек

Кыргызстанда эми маданият, эс алуу жана спорт тармагындагы кызматкерлер милдеттүү түрдө коронавирустан эмделиши керек. Министрлер кабинетинде “Жугуштуу ооруларды иимунопрофилактикалоо жөнүндө” токтомуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизди.   Ага ылайык, эмделе тургандардын тизмесине музей, китепкана, спорт залдар, театр, кинотеатр, концерт залдары, маданий жана оюн-зоок мекемелери, балдардын оюн аянттарынын… Кененирээк…