Бул жума Кыргызстанда узак эс алуулар менен жыйынтыкталат

Бул жума Кыргызстанда узак эс алуулар менен жыйынтыкталат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, 7-ноябрь быйыл жекшембиге туура келет, мыйзамга ылайык, андан кийинки иш күн дем алыш болуп жарыяланат.   Демек, 6-7-8-9-ноябрда 5 күндүк график менен эмгектенген кыргызстандыктар ишке чыкпайт.   Эске салсак, 2017-жылдан бери… Кененирээк…

Сиднейде Хеллоуинге карата “Кальмар оюну” сериалындагы чоң куурчак орнотулду

Сиднейде Хеллоуинге карата “Кальмар оюну” сериалындагы чоң куурчак орнотулду. Коркунучтуу фигуранын бийиктиги 4,5 метрди түзөт. Ал пайда болгондон бери, куурчак менен сүрөткө түшүүнү каалагандардан узун кезектер жаралууда.   Эске салсак, сериалда куурчак кыймылдаган оюндун катышуучуларын бардыгын жок кылат.

Ордо калаада жөө жүрүүчүлөр өтмөктөрүндө үн чыгаруучу тилкелер орнотулууда

Ордо калаада жөө жүрүүчүлөр өтмөктөрүндө үн чыгаруучу тилкелер орнотулууда. Кайгуул милиция кызматынан билдиришкендей, мындай тилкеден өткөн учурда унаа дирилдеп, айдоочу ылдамдыкты төмөндөтүү керектигин түшүнөт.   Жаңычылдык жол кырсыктары көп катталган жерлерде, темир жол өтмөктөрүнүн алдында жана көрүү начал тилкелерде пайда болот.  

Бишкектин четинде “Озерная” подстанциясынын жана “Главная – Кызыл-Аскер” электр өткөрүү линияларынын курулушу башталды

Бишкектин четинде “Озерная” подстанциясынын жана “Главная – Кызыл-Аскер” электр өткөрүү линияларынын курулушу башталды.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, объектилерди ишке киргизүү менен башка подстанциялардын иши жеңилдетилип, Дордой, Эне-Сай, Дордой-2, Теңдик, Келечек жана Мурас-Ордо конуштарында жарык берүүнүн сапаты жакшырат.   Бөлүштүрүүчү компаниядан белгилешкендей, подстанциянын курулушу совет мезгилинде… Кененирээк…

Кыргызстанда парламентик шайлоодо жаңы киргизилген аралаш система менен добуш берүү процессин түшүндүрүү иштери жүрүп жатат

Кыргызстанда парламентик шайлоодо жаңы киргизилген аралаш система менен добуш берүү процессин түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаровдун айтымында, тилкеде жаранга 2 бюллетень берилет.   Биринде бир мандаттуу округ боюнча аттанган талапкерлер көрсөтүлсө, экинчисинде партиялар жана партиядагы талапкерлер жазылат.   Добуш берүүчү… Кененирээк…

Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө отун таратыла баштады

Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө отун таратыла баштады. Мэриянын маалыматына ылайык, жардамга социалдык коргоо башкармалыгында тизмеде турган 360 үй-бүлө ээ болот. Бул максатта ордо калаадагы куурап калган бактардан 540 кубометр отун даярдалган. Эми отун тизмеге ылайык акысыз берилет. Иштерди “Бишкек жашылдандыруу” ишканасынын кызматкерлери жүргүзүп жатат.

9 талапкер бир мандаттуу округдардан шайлоого катышуудан баш тартты

Тогуз талапкер бир мандаттуу округдардан Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуудан баш тартты. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышууга бир мандаттуу округдардан жалпы 321 талапкер катталган. Анын ичинен тогузу шайлоого баруудан баш тартты. Бердалиев Бакыт Чырмашевич, №12 Өзгөн шайлоо округунан талапкер;… Кененирээк…

Эртең Бишкектин эки конушунда убактылуу суу болбойт

Эртең Бишкектин эки конушунда убактылуу суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, эртең, 2-ноябрда Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо суу алгычтарындагы жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо жана оңдоо иштерине байланыштуу бул эки конушта суу болбойт. • «Калыс Ордо» конушунда – 9:00дөн… Кененирээк…

Бүгүн 23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталды

Бүгүн 23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Анда биздин өлкөдөн Айпери Медет кызы жана Назира Марсбек кызы килемге чыгат. Аларды коштоп башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков барды. Чемпионат Сербиянын Белград шаарында өтөт жана ал 7-ноябрь, жекшембиде жыйынтыкталат.

Жогорку Кеңешти шайлоого карата 29 өлкөдө 59 добуш берүү тилкеси ачылат

Жогорку Кеңешти шайлоого карата 29 өлкөдө 59 добуш берүү тилкеси ачылат. Россияда, АКШда, Германияда, Италияда жана Венгрияда 10 тилке жаңы пайда болот. Ал эми Россияда 20, АКШ, Түркия, Германияда үчтөн, Бириккен Араб Эмирлиги, Казакстан, Италия жана Кытайда экиден уюштурулат. Андан тышкары, дагы 21 шаарда бирден… Кененирээк…