Кыргызстанда парламентик шайлоодо жаңы киргизилген аралаш система менен добуш берүү процессин түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаровдун айтымында, тилкеде жаранга 2 бюллетень берилет.
Биринде бир мандаттуу округ боюнча аттанган талапкерлер көрсөтүлсө, экинчисинде партиялар жана партиядагы талапкерлер жазылат.
Добуш берүүчү 3 белги коюшу керек. Мындай система жаңы колдонулуп жаткандыктан, калк арасында адистер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.