Бул жума Кыргызстанда узак эс алуулар менен жыйынтыкталат

Бул жума Кыргызстанда узак эс алуулар менен жыйынтыкталат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, 7-ноябрь быйыл жекшембиге туура келет, мыйзамга ылайык, андан кийинки иш күн дем алыш болуп жарыяланат.

 

Демек, 6-7-8-9-ноябрда 5 күндүк график менен эмгектенген кыргызстандыктар ишке чыкпайт.

 

Эске салсак, 2017-жылдан бери Кыргызстанда  7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет.