Жогорку Кеңешти шайлоого карата 29 өлкөдө 59 добуш берүү тилкеси ачылат

Жогорку Кеңешти шайлоого карата 29 өлкөдө 59 добуш берүү тилкеси ачылат.

Россияда, АКШда, Германияда, Италияда жана Венгрияда 10 тилке жаңы пайда болот.

Ал эми Россияда 20, АКШ, Түркия, Германияда үчтөн, Бириккен Араб Эмирлиги,

Казакстан, Италия жана Кытайда экиден уюштурулат. Андан тышкары, дагы

21 шаарда бирден участок ачылат. Расмий маалыматка ылайык, чет өлкөлөрдө

консулдук каттоодон өткөн 68 миң шайлоочу бар. Белгилеп кетсек, парламенттик

шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңеш  90 депутаттан

турат жана алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат.