Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 2 миллионго жете элек

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 2 миллионго жете элек. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата 751 миң 407 адам вакцинациянын курсунан толук өтсө, 978 миң 653 адам биринчи компонент менен эмделди. Ал эми жамааттык иммунитетти калыптандыруу үчүн калктын эмдөөдөн өтүүгө жарамдуу тобунун 70… Кененирээк…

Кара-Балта шаарында кичи автобустун айдоочулары иш таштады

Кара-Балта шаарында 50гө жакын кичи автобустун айдоочулары муниципалитеттин имаратында иш таштады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, шаардык транспорттун айдоочулары жол кире акысын көтөрүүнү талап кылууда. “Азыр жол кире акысы 7 сом, ал эми иш… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында көрсөткүч 12 миллиард чегинен төмөндөдү

Токтогул суу сактагычында көрсөткүч 12 миллиард чегинен төмөндөдү. Бүгүн башкы резервуардагы нымдуулуктун көлөмү 11 миллиард 943 миллион кубометрди түздү. Буга суунун суунун чыгымы кирешеден 2,5 эсе жогору болуп жатканы себеп. Алсак, секундасына 196 кубометр суу агып кирсе, 482 кубометр агып чыгууда. Белгилеп кетсек, былтыр ушул… Кененирээк…

Боом капчыгайы маалы менен жабылат

Боом капчыгайы маалы менен жабылат. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, бүгүнтөн тартып, 5-ноябрь, жумага чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында кооптуу таштарды атайылап түшүрүү иштери жүрөт. Андан улам, эртең мененки саат 9дан 3кө чейин жол маалы менен жабылат. Жол тазалоо… Кененирээк…

Жогорку Кеңешти шайлоого карата добуш берүүчүлөрдүн тизмеси бардык тилкелерге илинди

Жогорку Кеңешти шайлоого карата добуш берүүчүлөрдүн тизмеси бардык тилкелерге илинип, “Тизме” порталына киргизилди. БШКдан билдиришкендей, тизмеде бирдиктүү округ боюнча 3 миллион 700 миң шайлоочу бар, ал эми бир мандаттуу округ боюнча добуш берүүчүлөрдүн саны дээрлик 50 миңге көп. Шайлоочулар өздөрүн 12-ноябрга чейин тизмеден такташы керек.… Кененирээк…

Кара-Кече көмүр кенинде казуу иштери кызуу жүрүп жатат

Кара-Кече көмүр кенинде казуу иштери кызуу жүрүп жатат. Энергетика министри Доскул бекмурзаев билдиргендей, күнүнө 30дан ашык техника казуу жумуштарын аткарууда. Ал эми суткасына 400гө жакын унаа кара отун чыгарып, ташып жатат. Министр белгилегендей, сатуу түйүндөрүндө дагы көмүрдүн запасы жетиштүү көлөмдө бар.

Pfizer вакцинасы бүгүнтөн тартып аймактарга жеткирилет

Pfizer вакцинасы бүгүнтөн тартып аймактарга жеткирилет. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Препарат буга чейин Бишкектин бардык эмдөө түйүндөрүнө, Аламүдүн, Сокулук райондоруна жана Кант шаарында бөлүштүрүлдү. Аны менен 18 жаштан жогорку бардык каалоочулар эмделсе болот. Ар бир дозасы 3 жума аралыкта сайылат. Эске салсак, Файзер… Кененирээк…

Кыргызстандыктардын бактарга салган депозиттери бир жылда 40 миллиард сомго өстү

Кыргызстандыктардын бактарга салган депозиттери бир жылда 40 миллиард сомго өстү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат. Ага караганда, быйыл сентябрдын аягында депозиттердин көлөмү 211 миллиард 830 миллион сомго жетти. Салыштырмалуу айта турган болсок, былтыр ушул эле мөөнөттө көрсөткүч 171 миллиард 200 миллион сом болчу. Бул… Кененирээк…

Садыр Жапаров Улуу Британия королдугу жана Түндүк Ирландиянын Глазго шаарына иш сапары менен барды

Садыр Жапаров кечээ, 31-октябрда Улуу Британия королдугу жана Түндүк Ирландиянын Глазго шаарына иш сапары менен барды. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысынын учагы Глазго шаарындагы эл аралык аэропортко конду жана Садыр Жапаровду траптан (Елизавета II) ханышанын өкүлдөрү жана Улуу Британия өкмөтүнүн жогорку кызмат адамдары… Кененирээк…

Кыргызстан россиялык ишканадан тик учак сатып алат

Кыргызстан россиялык ишканадан тик учак сатып алат. Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн учкучсуз аппараттын көп функционалдуу комплекстерин сатып алуу боюнча келишимге кол коюлду. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Ми-8 МТВ тик учактарын оңдоо, аларга тетиктерди жеткирүү жана агрегаттарды түзөтүү боюнча да макулдашылды. Сатып алууларга каражат мамлекеттик бюджеттен сарпталат.