Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө отун таратыла баштады.
Мэриянын маалыматына ылайык, жардамга социалдык коргоо
башкармалыгында тизмеде турган 360 үй-бүлө ээ болот.
Бул максатта ордо калаадагы куурап калган бактардан
540 кубометр отун даярдалган. Эми отун тизмеге ылайык
акысыз берилет. Иштерди “Бишкек жашылдандыруу”
ишканасынын кызматкерлери жүргүзүп жатат.