Ордо калаада жөө жүрүүчүлөр өтмөктөрүндө үн чыгаруучу тилкелер орнотулууда

Ордо калаада жөө жүрүүчүлөр өтмөктөрүндө үн чыгаруучу тилкелер орнотулууда. Кайгуул милиция кызматынан билдиришкендей, мындай тилкеден өткөн учурда унаа дирилдеп, айдоочу ылдамдыкты төмөндөтүү керектигин түшүнөт.

 

Жаңычылдык жол кырсыктары көп катталган жерлерде, темир жол өтмөктөрүнүн алдында жана көрүү начал тилкелерде пайда болот.