Жолчулар Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөктө нөөмөттө турат

Жолчулар Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөктө нөөмөттө турат. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, атайын техника тартылып, трасса тынбай кардан тазаланып жатат.   Тоолуу аймактарга сапарга чыга турган айдоочулар сөзсүз түрдө дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, рульда этият болуп, унаалар ортосундагы коопсуз аралыкты сакташы керек.

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштеринде санитардык талаптар аткарылбаса, мыйзамга ылайык чара көрүлөт

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштеринде санитардык талаптар аткарылбаса, мыйзамга ылайык чара көрүлөт. БШКдан билдиришкендей, иш-чаралардын алкагында Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген алгоритмди кармануу керек.   Андан тышкары, катышуучулар беткап, санитайзерлерди колдонуп, коопсуз аралык жана температуралык көзөмөлдү ксакташы зарыл. Эске салсак, өлкөдө үгүт иштери 26-ноябрга чейин… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш “Мамлекеттик ипотекалык насыялоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырды

Жогорку Кеңеш “Мамлекеттик ипотекалык насыялоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырды. Документ үчүнчү окууда жактырылды, — деп “Азаттык” парламент басма-сөз кызматына таянып билдирет.   Эске салсак, мыйзам долбоорунун демилгечилери мамлекеттик ипотекалык насыялоонун шарттарын өзгөртүп, 25 жылдык мөөнөткө берүүнү сунуштады.   Учурда насыялар 15 жылга чейин берилип… Кененирээк…

Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоо кийинки жылы жазында өтөт

Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоо кийинки жылы жазында өтөт.   Министрлер кабинетинде кабыл алынган токтомго ылайык, жараян 25-марттан 3-апрелге чейин уюштурулат.   Бирок тоолуу райондордо каттоо 23-апрелден 2-майга чейин жүргүзүлөт. Каттоого  республика аймагында убактылуу же туруктуу жашаган бардык адамдар жана Кыргызстанда жайгашкан имараттар алынат.… Кененирээк…

Ысык-Көлдө УКМК кызматкерлери үйлүү болду

Ысык-Көлдө УКМК кызматкерлери үйлүү болду. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, төрт батирлүү үйлөр бүгүн Чолпон-Ата шаарында пайдаланууга берилди.   Андан тышкары, Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Су айылында кызматтык турак-жайдын курулушу аяктады.

Министрлер кабинети калкты жана турак жай фондун кайра каттоону өткөрүү күнүн жарыялады

Министрлер кабинети калкты жана турак жай фондун кайра каттоону өткөрүү күнүн жарыялады. Кабыл алынган токтомго ылайык, кайра каттоо процесси өлкөнүн бийик тоолуу зоналарында 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майга чейин, ал эми башка аймактарында 25-марттан 3-апрелге чейин өтөт. Кайра каттоо республикадагы бардык жарандарга тиешелүү. Эске салсак, калкты жана… Кененирээк…

Тоолуу аймактарга жолго чыккан айдоочуларга этият болуу сунушталат

Тоолуу аймактарга жолго чыккан айдоочуларга этият болуу сунушталат. Республика ашууларында кар тынбай жаап жатат. Жеринде инерттүү материалдар себилип, жолдордогу кар тазаланууда. Анын ортосунда айдоочулар ылдамдыкты жогорулатпай, руль башкарууда өзгөчө этият болушу керек. Дөнгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, унаалар ортосундагы аралык сакталышы зарыл

Бишкектеги Абдымомунов көчөсү кыймылга ачылды

Бишкектеги Абдымомунов көчөсү кыймылга ачылды. Тилкенин Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери аяктады, — дешти мэриядан. Жалпысынан 620 метр жол оңдолуп, тилкенин туурасы 8 метрге, тротуардыкы 3 метрге кеңейди. Учурда андан тышкары дагы 22 көчөдө курулуш иштери уланууда. Белгилеп кетсек, «Жол тармактарын… Кененирээк…

Чүй облусундагы Сокулук районунда жаңы конуш пайда болот

Чүй облусундагы Сокулук районунда жаңы конуш пайда болот. “Турмуш” басылмасы жергиликтүү администрацияга таянып билдиргендей, Семетей массивинин башкы планы тартууланды. Анда жашоочулар үчүн 5 миң жер тилкеси жеткиликтүү болот. Турак жайлар 5 кварталга бөлүнөт. Андан тышкары, калктуу аймакта 4 мектеп, стадион, сейил бак жана ФАП жайгашат.… Кененирээк…

WhatsApp мессенжеринде дагы бир функция ыңгайлуу болот

WhatsApp мессенжеринде дагы бир функция ыңгайлуу болот. WABetaInfo порталында айтылгандай, эми мессенджерде жазышып жаткан маектешке кетип калган диалогду же билдирүүнү 2 айда өчүрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Учурда бул функцияны 1 саатта гана ишке ашыруу мүмкүн. Жаңычылдык азырынча Android жана iOS үчүн бета-тест программасында жеткиликтүү. Келечекте… Кененирээк…