Министрлер кабинети калкты жана турак жай фондун кайра каттоону өткөрүү күнүн жарыялады.
Кабыл алынган токтомго ылайык, кайра каттоо процесси өлкөнүн бийик тоолуу зоналарында
2022-жылдын 23-апрелинен 2-майга чейин, ал эми башка аймактарында 25-марттан 3-апрелге
чейин өтөт. Кайра каттоо республикадагы бардык жарандарга тиешелүү. Эске салсак,
калкты жана турак жай фондун каттоо былтыр өтмөк. Бирок пандемиядан
улам карантиндик чараларга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган