Бишкектеги Абдымомунов көчөсү кыймылга ачылды.
Тилкенин Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки
бөлүгүндө оңдоо иштери аяктады, — дешти мэриядан. Жалпысынан
620 метр жол оңдолуп, тилкенин туурасы 8 метрге, тротуардыкы 3 метрге кеңейди.
Учурда андан тышкары дагы 22 көчөдө курулуш иштери уланууда. Белгилеп кетсек,
«Жол тармактарын өнүктүрүү» долбоорунун 2-фазасынын алкагында
60 көчө калыбына келтирилип, 5 көпүрө курулат.