Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылында жаңы бала бакча пайда болот

Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылында жаңы бала бакча пайда болот. Райондук администрациянын маалыматына караганда, 100 орундуу бакчанын курулушуна капсула салуу аземи өтүп, иштер башталды. Долбоорду ишке ашыруунун сметалык баасы 55 миллион сомду түзөт. Бакчаны 2022-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.

Бишкектин көчөлөрүн кардан арылтуу иштери тынымсыз жүрүп жатат

Бишкектин көчөлөрүн кардан арылтуу иштери тынымсыз жүрүп жатат. Түндөн бери ордо калаа жолдоруна 350 тонна туз себилди, — дешти “Тазалык” ишканасынан. Учурда 600дөн ашык кызматкер жана 40 атайын техника тилкелерди, тротураларды кардан арылтып, иштөөдө. Андан тышкары, коопсуз жол кыймылын камсыздоо максатында тартип сакчылар көчө кесилиштерде… Кененирээк…

Кыргызстанда унааны жыл аягына чейин салыгы жок акысыз кайра каттаса болот

Кыргызстанда унааны жыл аягына чейин салыгы жок акысыз кайра каттаса болот. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, улуттук кампания 31-декабрга чейин созулат. Буга чейин унааны кайра каттоодо транспорттун тарифтик негизде бекитилген базардагы орточо баасынын 1 пайызы мамлекетке төлөнчү. Эми унаа ээлери кайра каттоодо кызмат көрсөтүү үчүн гана… Кененирээк…

Кара-Кече көмүр кенине жакын жерде жер көчтү

Кара-Кече көмүр кенине жакын жерде жер көчтү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, көмүр казылбаган аймакта жер кыртышы жылып, экскаваторду басып калды. Бирок анда айдоочу болгон эмес. Андан улам, жабырлануучулар катталган жок. Андан тышкары, жер көчкү көмүр казуу иштерине терс таасирин тийгизбей, көйгөй жаралган жок. Андыктан иштер… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Дархан айылында ноябрда жаңы мектеп ачылат

Ысык-Көл облусунун Дархан айылында ноябрда жаңы мектеп ачылат. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, учурда курулуш иштери толук аяктап, жабдууларды, эмеректерди орнотуу жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Объект 275 окуучуга чакталат. Долбоордун сметалык наркы 850 миң долларды түзөт. Сумма Сауд өнүктүрүү фондунан алынган насыядан… Кененирээк…

Бишкектин көркүн бузган жарнама конструкциялары алынат

Бишкектин көркүн бузган жарнама конструкциялары алынат. Муниципалитеттен эскертишкендей, чарба субъектилердин ээлери мыйзамсыз орнотулган баннер жана конструкцияларды өз алдынча демонтаждашы керек. Нормаларды сактабаган жарнама такталары эскертүүсүз алынат. Мындай иштер ордо калааны эстетикалык жактан жакшыртуу максатында жасалууда.

Ош шаарында №30 бала бакчага кошумча корпус курулду

Ош шаарында №30 бала бакчага кошумча корпус курулду. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси 100 орундуу. Курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 21 миллион сом сарпталды. Кошумчаласак, Ош шаарында Туран, Ирригатор кичи райондорунда дагы 3 бала бакча курулууда. Алар кийинки жылы бөбөкөргө эшигин ачат. Түштүк… Кененирээк…

“Сосновка” өткөрүү түйүнү оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабылды

Бишкек – Ош унаа жолундагы “Сосновка” көзөмөл-өткөрүү түйүнү оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабылды. Бул тууралуу Novosti.kgге Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, түйүндөн жеңил унаалар эч тоскоолдуксуз өтүп жатат. Ал эми оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына уруксат аба-ырайынын шарттары жакшырганда… Кененирээк…

Бишкекке Казакстандан апрелге чейин 643 миң тонна көмүр жеткирилет

Бишкекке Казакстандан апрелге чейин 643 миң тонна көмүр жеткирилет. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын директору Талайбек Бектенов билдирди. Анын айтымында, түзүлгөн келишимдин негизинде Кара-Жыра көмүрү алынып келинүүдө. Учурда кампада жалпысынан 203 миң тонна көмүр бар. Буга чейин ордо калаага Кавак кенинен 210 миң тонна, Казакстандан… Кененирээк…

Бишкектин эки конушунда таза суу жок болот

Бишкектин эки конушунда таза суу жок болот. Мэриянын маалыматына ылайык, бүгүн саат 9дан кечки 5ке чейин «Ак-Босого-1» жана «Ак-Босого-2» конуштарында суу өчүрүлөт. Убактылуу чектөө суу дарбазасында жана суу түтүктөрүнүн тармактарында оңдоо иштерине байланыштуу.