Жолчулар Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөктө нөөмөттө турат

Жолчулар Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөктө нөөмөттө турат. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, атайын техника тартылып, трасса тынбай кардан тазаланып жатат.

 

Тоолуу аймактарга сапарга чыга турган айдоочулар сөзсүз түрдө дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, рульда этият болуп, унаалар ортосундагы коопсуз аралыкты сакташы керек.