Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштеринде санитардык талаптар аткарылбаса, мыйзамга ылайык чара көрүлөт

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштеринде санитардык талаптар аткарылбаса, мыйзамга ылайык чара көрүлөт. БШКдан билдиришкендей, иш-чаралардын алкагында Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген алгоритмди кармануу керек.

 

Андан тышкары, катышуучулар беткап, санитайзерлерди колдонуп, коопсуз аралык жана температуралык көзөмөлдү ксакташы зарыл. Эске салсак, өлкөдө үгүт иштери 26-ноябрга чейин уланат, шайлоонун өзү 28-ноябрга белгиленди.