Кыргызстанда 500дөн ашык дары-дармектин баасы арзандатылды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча,
биринчи этапта жашоого маанилүү препараттар тизмесине кирген жана
эпидемиологиялык кырдаалда жогорку суроо-талапка ээ болгон дары-дармектер
аныкталып, ири дарыканаларда мурунку баасынан 10 пайыздан 68 пайызга чейин
баасы төмөндөтүлдү. Баалардын реалдуу абалына мониторинг жүргүзүлүп турат,
жыйынтыгы Дары-дармек жана медициналык буюмдар
департаментинин сайтында жайгаштырылат.