Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасынын Сингапур жана Бахрейн менен расмий жолдоштук беттештери көрүүчүлөрү жок өтөт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасынын Сингапур жана Бахрейн менен расмий жолдоштук беттештери көрүүчүлөрү жок өтөт. Учурда улуттук команда кызуу даярданууда. Машыгуу «Шабаб Аль Ахли» клубунун базасында өтүүдө. Эске салсак, биздин спортчулар 11-ноябрда Сингапур менен, ал эми 16-ноябрда Бахрейндин футболчулары менен беттешет. Оюндар 2023-жылы өтө турган… Кененирээк…

Римде Кыргызстандын Италиядагы элчилиги ачылды

Римде Кыргызстандын Италиядагы элчилиги ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ачылыш аземге ведомство жетекчиси Руслан Казакбаев катышты. Күтүлгөндөй, жакынкы келечекте Бишкекте дагы Италиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуу ачуу пландалууда.

Кыргызстанга 2022-жылы 5G технологиясын киргизүү пландалууда

Кыргызстанга 2022-жылы 5G технологиясын киргизүү пландалууда. Бул тууралуу “Мамлекет жана IT” евразиялык форумда санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев билдирди. Анын айтымында, технологияны жеке секторлор менен биргеликте жайылтуу каралууда. Бирок алгач, технологияны киргизүү үчүн зарыл стандарттарды жана ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу зарыл. Система өлкөгө алгач… Кененирээк…

Быйыл өлкө аймагында январдан – сентябрга чейин 7 миңден ашык турак жай тургузулду

Быйыл өлкө аймагында январдан – сентябрга чейин 7 миңден ашык турак жай тургузулду. Алардын 6 миң 188и – жеке менчик үйлөр болсо, 878и – көп кабаттуу. Бул тууралуу улуттук статистика комитетинен билдиришти. Жеке турак жайлардын көбү же 1,5 миңден ашыгы Ош облусунда салынды. Андан кийин… Кененирээк…

Инстаграмда блогерлердин стористерин көрүү үчүн колдонуучулар акча төлөшү керек болот

Инстаграмда блогерлердин стористерин көрүү үчүн колдонуучулар акча төлөшү керек болот.   Meta компаниясына таандык Инстаграм социалдык тармагы акча төлөп, популярдуу блогерлерге жазылуу мүмкүнчүлүгүн сынап жатат.   Маалыматка ылайык, катталуу идеясы колдонуучулар сүйүктүү блогерлеринин баракчаларындагы эксклюзивдүү маалыматка биринчилерден ээ болуу үчүн анча көп эмес акы төлөшөт.

Түркмөнстанда мугалимдерге социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынды

Түркмөнстанда мугалимдерге социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынды.   “Азаттыктын” маалыматына ылайык, Түркмөн мамлекеттик маданият институтунун окутуучулары соцтармактарга, анын ичинде Инстаграм менен Фейсбукка кирбей турганы жөнүндө тилкат жазууда. Мындай тилкаттар башка жогорку окуу жайларда да чогултулууда.   Алар электрондук почтаны гана жумуш үчүн колдоно алат. Белгилеп… Кененирээк…

Өлкөдө көмүрдүн орточо баасы тоннасына 5 миң 720 сомго жетти

Өлкөдө көмүрдүн орточо баасы тоннасына 5 миң 720 сомго жетти. Бул октябрдагы баага салыштырмалуу 10,5 пайызга көп. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинен беришти.   Ага ылайык, эң кымбат баа учурда Ноокатта – тоннасы дээрлик 9 миң 900 сомдон сатылууда, Баткенде – 9 миң 700 сом.… Кененирээк…

Казакстанда балдар мектептерде коронавируска каршы эмделе баштайт

Казакстанда мектептерде 12-17 жаштагы балдар коронавируска каршы эмделе баштайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алексей Цойго шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды. «Илгертеден бери Казакстанда окуучуларды эмдөө иштери мектептерде жүргүзүлүп келет. Коронавируска каршы вакцинаны деле мектептеги медициналык жайдан  жүргүзүүгө болот. Болгону ата-энелер макулдугун бериши керек», — деди Цой.… Кененирээк…

Планетанын эң бай адамы Илон Маск эки күндө эле 50 миллиард доллар жоготту

Планетанын эң бай адамы Илон Маск эки күндө эле 50 миллиард доллар жоготту. Бул ага таандык Тесла компаниясынын акциялары түшүп кеткени үчүн болду, — деп жазат Bloomberg.   Акциялар Илон Маск Твиттерден акцияларды сатып салсамбы деген суроосунан кийин арзандап кетти. Буга карабай, Маск дагы эле… Кененирээк…