БШКга мыйзам бузуулар боюнча 56 кайрылуу келип түштү

БШКга мыйзам бузуулар боюнча 56 кайрылуу келип түштү. Комиссиянын маалыматына ылайык, арыз-даттануулардын арасында добуш сатып алууга аракет кылуу, мамлекеттик кызматкерлердин үгүт иштерине катышуусу, мектеп окуучуларын аралаштыруу, жарандарга белек тапшыруу сыяктуу кайрылуулар бар.   Бул фактылар боюнча эскертүүлөр берилди.   Эске салсак, парламенттик шайлоо  28-ноябрда өтөт.… Кененирээк…

УКМК кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 9-ноябрдын таңында кыргыз-тажик чек арасына жакын аймактагы Кыргызстандын жаранына таандык сарайдын өрттөнүшү боюнча маалымат берди. Расмий маалыматка караганда, таңкы саат 05:30дар чамасында Баткен районунун Дахма аймагында мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан сарай күйүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери бир… Кененирээк…

Төрт астронавт Жерге кайтып келди

Төрт астронавт Жерге кайтып келди.   SpaceX капсуласы Эл аралык космос кемесинен Жерге, Мексика булуңунун Флоридадагы жээгине төрт астронавтты аман-эсен жеткирди.   Эки америкалык, бир француз жана япониялык астронавттан турган экипаж 8-ноябрда орбитадан суурулуп чыгып, сегиз саатта жерге келип конду. Маалым болгондой, алар космостогу кемеде… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Сан-Таш айылында таза суу системасы курулду

Ысык-Көл облусунун Сан-Таш айылында таза суу системасы курулду.   Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, айыл тургундарына таза суу чыгаруу иштерине жалпысынан 9 миллион 200 миң сом жумшалды.   Жыйынтыгында, суу түтүктөрү ар бир үйгө өткөрүлдү. Кийинки техникалый тейлөө муниципалдык ишканага жана айыл-өкмөтүнө өткөрүлдү.