Россияда 2035-жылга чейин кийим саткан дүкөндөрдүн 20 пайызы жабылышы мүмкүн.
Бул тууралуу Beinopen мода индустриясын өнүктүрүү институтунун негиздөөчүсү
Алексей Баженов айтып берди. Анын айтымында, буга чейин журналдар ар түрдүү
кийимдерди сунуштап, гардеробду толтурууга чакырса, азыр баары тескерисинче.
Учурда адамдар көп кийим алгандын ордуна узак убакыт кийиле турган, бышык
көйнөктөрдү талап кылууда. Андан улам, жакынкы жылдары өтө белгилүү эмес,
чакан кийим ишканалары, дүкөндөр жабылып, ири бренддер гана калышы ыктымал.