Бишкектин көчөлөрүнө тордон жасалган таштанды салгычтар орнотулууда.
Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. Мындай үкөктөр
биринчи этапта Жибек жолу проспектиси – Лермонтов көчөлөр кесилишине,
андан тышкары, Веселый, Кантемиров жана Буденный көчөлөрүнө коюлат.
Мэрия шаардыктарды коммуналдык кызматта иштегендердин эмгегин
баалап, таштандыны көчөгө ыргытпоону суранат.