Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун каттоого даярдык иштери башталды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон чечимге ылайык,
калкты каттоо кийинки жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин, ал эми алыскы аймактарда
23-апрелден 2-майга чейин жүрөт. Каттоодон өлкөдө туруктуу же убактылуу жашаган
бардык жарандар жана республика аймагында жайгашкан бардык мекемелер өтөт.
Маалыматтар атайын тартылган жумушчу топ тарабынан чогултулуп, иштелип чыгат.