Бишкекте “Коомдук транспорт” рейди жүрүп жатат

Бишкекте “Коомдук транспорт” рейди жүрүп жатат.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери

шаардык транспортту текшерүүдө. Эки күндүн ичинде 35 жол эрежесин

бузуу катталып, 131 миң сомго айып салынды. Ведомстводон белгилешкендей,

акыркы учурда коомдук унаалар кабылган жол кырсыктары көбөйүүдө.

Бул, айдоочулардын жол эрежелерин жана айдоо маданиятын толук

сактабай жатканына байланыштуу. Андан тышкары, унаанын техникалык

абалына дагы көп көңүл бурулбай жатат. Рейд декабрга чейин созулат.