Казакстан Кыргызстанга ок-дары жана атайын техника берет.
Бул тууралуу коргоо министринин орун басары Руслан Шпекбаев билдирди.
Анын айтымында, макулдашууну мажилис депутаттары колдоп, документ
сенатка жөнөтүлгөн. Аскердик жардамды Кой-Таш пунктуна жеткирүүнү
казак тарап өз мойнуна алат жана берилген жүктү үчүнчү өлкөлөргө берүүгө болбойт.