Төрт астронавт Жерге кайтып келди.
SpaceX капсуласы Эл аралык космос кемесинен Жерге, Мексика булуңунун Флоридадагы жээгине төрт астронавтты аман-эсен жеткирди.
Эки америкалык, бир француз жана япониялык астронавттан турган экипаж 8-ноябрда орбитадан суурулуп чыгып, сегиз саатта жерге келип конду. Маалым болгондой, алар космостогу кемеде беш айдан ашык жүрүп, андагы күн панелдерин жаңыртууга жардам беришкен.