Боом капчыгайында кыймылга чектөөлөр киргизилет

Боом капчыгайында кыймылга чектөөлөр киргизилет. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, бүгүнтөн тарта 12-ноябрга чейин жана 15инен 19-ноябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт трассасынын    132-чакырымында кооптуу таштарды атайлап түшүрүү иштери аткарылат.   Андан улам, эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин унаалар бир тилкеден гана өткөрүлөт.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы лазер радарларын сатып алат

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы лазер радарларын сатып алат. Тиешелүү тендер жарыяланганын мамлекеттик сатып алуулар порталында көрсө болот. Сынактык арыздын баасы 14 миллион сомду түзөт.   Бул каражатка ар бири 700 миң сомго бааланган 20 радар сатылып алынат.

Бишкекте планетарий пайда болушу мүмкүн

Бишкекте планетарий пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясына барганда билдирди.   Окуу жайдын администрациясы тиешелүү жабдууларды сатып алууга сметаны түзүп, планетарийдин имаратын иштеп чыгууга аткаруучу компанияны аныктады. Курулушка академиянын имаратында жер бөлүнүп берилди.   Аминистрациядан кошумчалашкандай, жаңы… Кененирээк…

Бишкекте жыл сайын отуучу “Бишкек Сары-Өзөн 2021” көргөзмө-жарманкеси бугун ачылат

Бишкекте жыл сайын отуучу “Бишкек Сары-Өзөн 2021” көргөзмө-жарманкеси бугун ачылат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти. Иш-чара борбор калаадагы соода борборлорунун биринде 10-ноябрдан 21-ноябрга чейин болот. Анда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарларын базардагыдан төмөн баада сатып алууга мүмкүнчүлүк тузулот. Коргозмонун ачылышына Орусия, Белорусия, Индия, Иран жана… Кененирээк…

Шайлоодогу үгүт иштерине Ош шаарындагы студенттердин катышканы үчүн Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматынан алынды

Шайлоодогу үгүт иштерине Ош шаарындагы студенттердин катышканы үчүн Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматынан алынды.   Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма соз кызматы билдирди. Маалым болгондой, окуядан улам аталган окуу жайдын педагогика факультетинин деканы жана үч окутуучусу да иштен кетти.   Ал эми Билим… Кененирээк…

Баткенде шахтада калган эки киши куткарылды

Баткенде шахтада калган эки киши куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, шахтанын ичинде иштеп жаткан ата-бала 47 жаштагы Илхом Ибодов менен анын 19 жаштагы уулу Азамат Ибодовдун учурда абалы жакшы.   Белгилеп кетсек, Сүлүктү шаарынын чет жакасындагы көмүр кендеринде 40тан ашуун шахта… Кененирээк…

Учурдун популярдуу сериалы “Кальмар оюнунун” экинчи сезону тартылат

Учурдун популярдуу сериалы “Кальмар оюнунун” экинчи сезону тартылат. Бул тууралуу анын режиссеру Хван Дон Хек расмий түрдө жарыялады. Ал белгилегендей, мындай суроо-талаптан кийин сериалдын уландысын тартпай коюу мүмкүн эмес.   Учурда ал экинчи сезондун сценарийинин үстүндө ойлонуп жатканын билдирди.   Белгилеп кетсек, “Кальмар оюну” аталышындагы… Кененирээк…

Кыргызстанда 5 жылда телефон менен сүйлөшкөндөрдүн саны 2 эсе азайып, интернет колдонгондор 3 эсе көбөйдү

Кыргызстанда 5 жылда телефон менен сүйлөшкөндөрдүн саны 2 эсе азайып, интернет колдонгондор 3 эсе көбөйдү.   Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2016-жылы уюлдук компаниялар телефон аркылуу сүйлөшүүдөн 20 миллиард сомдон ашык киреше таап келсе,  2020-жылы киреше  10 миллиард сомду түздү. Анын ортосунда, интернет – каналдар… Кененирээк…

Нур-Султан — Бишкек аба каттамы 17-ноябрдан тарта жанданат

Нур-Султан — Бишкек аба каттамы 17-ноябрдан тарта жанданат.   Маалыматка ылайык, каттамдар шаршемби жана жекшемби күндөрү, ал эми декабрдан тарта дүйшөмбү жана жума күндөрү дагы аткарылат.   Бишкекке учуп келе турган жүргүнчүлөр, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары, транзиттик жүргүнчүлөр жана 6 жаштан жогорку балдар 72… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында дагы жол кире көтөрүлүшү мүмкүн

Жалал-Абад шаарында дагы жол кире көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти. Маршруттук таксилердин айдоочулары тарифти 15 сомго көтөрүүнү талап кылууда.   Алардын бул талабы эртең, 11-ноябрда шаардык кеңештин кезексиз сессиясында каралат. Эске салсак, 1-ноябрдан тарта Бишкекте автобус, троллейбус жана маршруттук таксилерде жол кире кымбаттаган.… Кененирээк…